Бүгүн, 27-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдыманап Кутушев Кыргызстандагы валюта тармагындагы көйгөйлөргө токтолду. Депутаттын билдиришинче, коңшу мамлекеттин валютасынын кунунун кескин түшүп кетишинен кийин эле кыргыз сому да девальвацияга кабылды.
“Бул кырдаалдан кантип чыгуу керек деген маселе турат. Улуттук банк сомдун курсунун кескин өсүп кетпеши үчүн алдын ала чараларды көрүүгө үлгүрдү. Бирок мындай чаралар валюта рыногунун айрым тараптардын нааразычылыгын жаратты”,- деди депутат.
Кутушев бир катар коммерциялык банктар бул жагдайдан бир топ пайда табышканын кошумчалады.