“Депутаттар өздөрүнүн иши кайсы бир кызмат үчүн тендер жарыялоо, ал кызматка кайсы бир адамды түртүү эмес, мыйзам чыгаруу экенин түшүнүшү керек”,- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев 27-мартта телеканалдардын бириндеги маегинде. Парламенттеги айрым фракциялар айрым кызматтарга тендер жарыялап жатканын айткан өлкө башчы муну токтотуу керектигин белгиледи. “Жыйынтыгы Кыргызстандагы парламенттик башкаруунун келечегине коркунуч жаратат”,- деди ал.
Атамбаев жаңы түзүлгөн коалиция өкмөттүн курамын аныктоо менен гана чектелиши керектигин кошумчалады.