Кыргызстанда ушу тапта 2005 жана 2010-жылдагыдай баш аламандык уюштурууга себеп жок. Муну 27-мартта телеканалдардын бириндеги маегинде президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Айтымында, массалык толкундоолордун чыгышына себеп болушу керек. “Мурунку 2 бийликти коррупция, үй-бүлөлүк башкаруу жана шайлоолордун таза өтпөгөнү кулаткан. Бүгүнкү күндө андай көрүнүш жок”,- деди президент.
Өлкөдө кырдаалды курчуткусу келген күчтөр бар экенин белгилеген мамлекет башчы: “Айрым адамдар революциянын арты менен акча табууну адат кылып алышты. Аларга баары бир, мен алардын аты-жөнүн атабайм. Кимдир бирөөлөр өлүп жатса, алар ошол учурдан пайдаланып 3 кабаттуу үй курушат”,- деп билдирди.