Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев 27-мартта Кыргызстандагы балдардын абалы боюнча Улуттук кеңешке катышты. “Ар бир баланын үй-бүлөсү болууга тийиш. Өкмөт тарабынан мындай үй-бүлөлөрдү колдоо толук кандуу жүрбөй жатат. Жөлөк пулдарды 10 пайызга көтөрүү менен көйгөй чечилбейт. Балдардын абалын жакшыртуу үчүн биз тереңдетилген ишти алып барабыз. Катаал турмуштук шарттагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтө турган стратегия бизде бар”,- деди Оторбаев.
Ошондой эле ал өкмөт балдардын моралдык жогору баалуулуктарын жаратуунун үстүндө ишти күчөтүү керек экенин айтты. “Үй-бүлөнүн моралдык баалуулуктары бузулса, эч бир акча менен аны кайра тургузууга болбойт. Биздин кеңештердин чабыты кең, биз балдардын турмуш шартын жакшырта турган жол картасын кабыл алабыз”,- деп кошумчалады премьер-министрдин милдетин актаруучу. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.