КРнын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев 27-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү.
Жыйында кеңештин иши начар эмес экендигин жана үч жылда 15 жыйын өткөнүн маалымдады.
“Арийне, биз жыйындардын санына эмес, сапатына, кабыл алынган чечимдер менен анын аткарылышына көңүл бурушубуз зарыл. Жакын арада биз өлкөнүн аймактарында инвестициялык аянтча ачабыз. Биринчилерден болуп Нарын менен Ошто ачылат. Биздин кеңештин тажрыйбасы ушул шаарларга көчүрүлөт. Мындай принциптер аймактарда да пайда болуп, мыкты натыйжа берүүгө тийиш. Ошол себептен бизнес-ассоциациялар бул шаарларда кесиптештерине жардам бериши керек”,- деди Жоомарт Оторбаев.
Ошондой эле аймактарда инвестиция өсүп жаткандыгын айтып, анын катарында Ош шаарын баса белгилеп өттү. Аталган калаа колдоо табуусу зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.