Жыйындын күн тартибинде 6 маселе каралды. КРнын Өкмөтүнүн текшерүү саясаты боюнча мурда кабыл алынган аянтчаны түзүү жана колдоо маселесин чечүү чечими тууралуу, салык отчётун жөнөкөйлөштүрүү, инвестицияны тартууда туруктуу абалды сактоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топ менен эксперттердин маалыматы уктурулду.
Бишкек ишкерлер клубу менен жабдуучу дистрибьютордук ассоциациясы бирдей салык декларациясын киргизүү, жеткирүүдөгү кошумча салык, накталай төлөм боюнча өкмөттүн демилгесин карап чыгууну сунуштады.
Учурда 6 бизнес-ассоциациясы бирдей салык декларациясы боюнча сунушталган формага каршы көз карашын билдиришти. Белгилей кетсек, алар декларацияга эмес, отчёттуулуктун татаал формаларына жана декларациялоонун айрым иштелип чыкпаган процедураларына каршылыктарын айтышты.
2013-жылдын 5-декабрында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр кабыл алынган. Анда 300 миң сомго чейинки накталай төлөм болсо, материалдык ресурска кошумча салык алынып салынат. Учурда бизнес-ассоциациялар аталган беренени кайра карап чыгууну талап кылышууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.