Парламенттеги "Республика" фракциясы жаңы коалициялык көпчүлүккө кирбейт. Муну бүгүн, 28-мартта
SUPER.KG порталына фракция лидери
Назарали Арипов билдирди. Айтымында, мындай чечимге келүүгө фракциянын сунушу кабыл алынбаганы себеп болду.
"Биз жаңы премьер-министр жумшак рейтинг аркылуу шайланышы керектигин сунуштадык. Бирок алар макул болушкан жок. Өкмөт башчылыкка бир нече талапкер чыгаруу элдин да талабы болчу",- дейт Арипов.
Айта кетсек, жаңы коалициянын курамы бүгүн расмий түрдө жарыяланышы күтүлүүдө.