КСДП фракциясынын 28-марттагы жыйынында премьер-министрликке “Ата Мекен” фракциясынан талапкер Жоомарт Оторбаев “мени батышчыл же орусиячыл саясатчы деп айтуу туура эмес” деп билдирди.
“Мен кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн гана иштейм. Орусия экономикалык жактан бизге жакын экенин белгилеп коюш керек. Доллар менен сомдун байланышы жок”,- деди ал.
Оторбаев Орусия Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин кошумчалады.