КСДП фракциясынын 28-марттагы жыйынында жаңы коалиция маселеси каралып, премьер-министрликке “Ата Мекен” фракциясынан талапкер Жоомарт Оторбаев суроолорго жооп берди. Оторбаев талапты катуу койгон премьер-министр боло турганын айтты.
“Мамлекеттик башкарууга эмоциянын кереги жок. Мен жумшак сүйлөйм, бирок талаптарым катуу. Кайсы бир партияга жан тартпайм”,- деди Оторбаев.
Айта кетсек, бүгүн жаңы коалициянын курамы расмий түрдө жарыяланышы күтүлүүдө.