София Ротару Орусиянын жарандыгын алуудан баш тартууда

СССРдин Эл артисти София Ротару Орусиянын жарандыгын алуудан жана Крымдын Ялта шаарындагы заңгыраган үйүн сатуудан баш тартууда. Бул тууралуу анын уулу Руслан 27-мартта "Вести" маалымат агенттигине билдирген.

Руслан: "Менин улутум украин жана көп жылдан бери аялым, кызым болуп Киевде турабыз. Апам болсо көбүнчө гастролдордо жүрөт. Ошентсе да бош убактысын Крымдын Ялта шаарындагы үйүбүздө өткөрүүнү каалайт. Мен өзүмдү орусиялыкмын деп эсептебейм жана жарандыгымды өзгөртпөйм. Апамдын түпкү теги молдаванка болгону менен, Украинада төрөлүп-өскөн. Ал дагы жарандыгын алмаштырууну каалабайт. Крымдагы үйүбүздү сатпайбыз, анткени ал жерде менин бактылуу балалыгым өткөн",- деп кабарлаган.

Маалыматта Ротарудан тышкары Украинанын жаз ырчысы Жамал да Орусиянын жарандыгын алуудан баш тартып жана Крымдагы туугандарын Киевге көчүүсүн талап кылып жаткандыгы айтылган.

Эске салсак, 19-марттан тарта Крымдын тургундарына Орусиянын паспорттору бериле баштады. Федерациялык миграция кызматынын маалыматы боюнча, 25-мартка чейин Крымдын 2,5 миңдей тургуну Орусиянын жарандыгын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
alatookg312
2014-03-28 12:43:13
Тарых кайталанат деген туура экенда 1916 жылдан 1938 жылга чейин Кыргызстанда бай манаптардын мал мулкун алып баш ийбегендерди атууга окум кылган азыр да Крымда да баш ийбегендерди кырып жиберетко алар кайда барат
+1
Aziret2110
2014-03-28 12:57:23
alatookg312, Ошо баш ийбегендерди атып салса жакшы болмок. Ошо 1916-жылдагыдай жашоо болгондо кедейлер кул бойдон калмак, баарына бирдей укук болуштургон Ленин атабызга терен ыраазычылыкта болушубуз керек.
-11
Aziret2110
2014-03-28 12:54:10
Албаса албасында, 3.4 адам менен эмне болмок эле!
+5
Mech.kg
2014-03-28 13:06:00
Кайран гана Украина кайран гана Киев таш талканы чыктыго эмгектер текке кетти.
0
belya
2014-03-28 15:04:33
Балалыгы ушул уйдо отсо, суротто тамды баласы салып Берген деп турат, жанылыштык эмесби? Кичинекейинен эле ушундай уй салса ...
+2
deva
2014-03-28 15:39:01
Крымдыктарга кыйын эле болду, байкуштар. Патриотт деген Русландай болушу керек да.



0
deva
2014-03-28 15:40:26
Менимче бул жер дегени Крым болсо керек да, эски тамын чонойгондо жанылап чонойтушу деле мумкун да
+2
edil.9292
2014-03-28 17:22:58
Ошондо Ротару потент же разрешение не работу алат экен да достор оз жеринде озу мигрант болобу?
0
beka-0570
2014-03-28 21:45:46
edil.9292, боорду эзесин да
0
Ayday2
2014-03-28 23:22:15
Грузия менен Түштүк Осетия чарпышып кеткенде,россиялыктардын кийлигишүүсү менен жаңжал чечилген, ошондо Вахтанг Кикабидзе Москвадан кичи мекенине кетип калган.Өнөр адамдары саясатка аралашып бир тараптын курмандыгы болбош керек.Талант бир өлкөнүн жеке менчиги эмес,ал бардык улуттун уул-кызына айланыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан