Анарбек Калматов өкмөт башчылыкка “Ар-намыстын” талапкери эмес экенин билдирди Кулов

Феликс Кулов бүгүн, 28-мартта депутат Анарбек Калматов өкмөт башчылыкка “Ар-намыс” фракциясынын талапкери эместигин билдирди. Айтымында, фракция азырынча бир талапкерге токтоло элек.

“Анарбек Калматов өкмөт башчылыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөтүүдө. Эгер премьер-министр жумшак рейтинг аркылуу шайлана турган болсо, катышып көрсүн”,- деди Кулов.

Айта кетсек, коалиция түзүү укугу берилген КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков өкмөт башчыны жумшак рейтинг аркылуу шайлоо болбой турганын билдирүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан