Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, өлкөдө баалар акылга сыйгыс деңгээлде кымбаттабайт. Муну бүгүн, 28-мартта премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын билдиришинче, биримдикке кирүү менен кыргызстандык ишкерлерге жакшы шарт түзүлгөнү жатат.
“Кыргызстандагы фермерлердин азык-түлүгүн экспорттоо үчүн бул өтө жакшы мүмкүнчүлүк. Айрымдар айтып жаткандай, Кыргызстанда баалар акылга сыйгыс деңгээлде кымбаттабайт. Бажы биримдигиндеги өлкөлөр менен биздеги баалардын айырмасы бүгүнкү күндө көп деле эмес”,- деди Оторбаев.