Жогорку Кеңеште депутаттар коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министрлик кызматты жоюуну сунушташууда. Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаева бул боюнча SUPER.KG порталына буларды айтты:
“Негизги максат – бирин-бири кайталаган түзүмдөрдү жоюу жана мамлекеттин акчасын үнөмдүү пайдалануу. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабын түзүү боюнча Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алган. Чек ара жана коопсуздук маселелерин ошол штаб чечсе болот. Айрымдарын биринчи вице-премьер чече алат”.
Жаңы өкмөт түзүлгөндөн кийин бул маселе парламентте карала турганын кошумчалады депутат.