Кыргызстанда Экономика министрлигин агенттик кылып өзгөртүү сунушталууда. Муну бүгүн, 28-мартта ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, аталган министрликтин кызматкерлерин кескин кыскартуу шарт.
“Бул министрликти чакан орган катары, агенттик же кызмат кылып өзгөртүүнү сунуштадык. Бул жерде саны 30дан ашпаган адам иштесе жетиштүү. Бул мамлекеттин каражатын эффективдүү пайдаланууга жасалган бир кадам”,- деди Алтыбаева.
Жаңы өкмөт түзүлгөндөн кийин бул маселе парламентте карала турганы айтылды.