Кыргызстанда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин түзүмү өзгөрүшү мүмкүн. Мындай сунушту “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева фракция лидери Феликс Куловго кат жүзүндө берди. Алтыбаева SUPER.KG порталына буларды билдирди:
“Бул министрлик миграция боюнча олуттуу иштерди жасабай жатат. Ошондуктан аны өзгөртүп, атайын миграция маселесин карай турган министрлик түзүүнү сунуштап жатабыз. Феликс Кулов бул боюнча башка фракция жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын айтты. Жаңы өкмөт түзүү процессинде бул маселе каралмакчы”.