Премьер-министрликке Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин КСДП фракциясы жактырды. Мындай чечим фракциянын 28-марттагы жыйынында кабыл алынды. Оторбаев жыйында өлкөнүн экономикасы, ички, тышкы саясаты боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Айта кетсек, Жоомарт Оторбаев өкмөт башчылыкка “Ата Мекен” фракциясынан талапкер болуп сунушталды.
Жоомарт Оторбаев:
Туулган жылы - 1955-жыл, 18-август.
Билими – жогорку, Ленинград мамлекеттик университетин аяктаган.
Билген тилдери – кыргыз, орус, англис тилдери.
Физика-математика илимдеринин доктору.
Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
Учурда премьер-министрдин милдетин аткаруучу.