“Ар-намыс” фракциясынын 28-марттагы жыйынында Япония агенттигинин эл аралык кызматташтыгынын (JICA) Ош-Баткен-Исфана жолун жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган ведомстволор аралык комиссиянын курамына депутат Абдырахман Маматалиев сунушталды.
Улуттук банктын 2014-жылдагы ишине аудит жүргүзүү үчүн тышкы аудиторду тандоо боюнча жабык тендердик комиссиянын курамына депутат Замир Бекбоевдин талапкерлиги бекитилди.