Бишкекте өтүүчү ишембиликке 12 миңдей жаран катышары айтылды

Бишкекте 29-марттан тарта шаарды тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган бир айлык ишин баштайт. Жалпы шаардык ишембиликке 12 миңдей жаран катыша турганы айтылды. Алар: министрлик жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү, райондук администрация, жергиликтүү бийлик, ЖОЖ, мектеп жамааттары. Мэриянын басма сөз кызматынын билдиришинче, ишембилик учурунда Ленин районунда 13, Октябрь районунда 9, Биринчи Май районунда 5, Свердлов районунда 25 атайын техникалар кызмат кылат.  

Бир айлыктын ичинде шаар ичи тазаланып, көчөттөр отургузулмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан