Марипа Абдиева Бишкек мэриясынын аппарат башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Абдиева буга чейин мэриянын социалдык өнүгүү, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүн жетектеп келген. Ал эми Абдукарим Сакиев “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине бекитилди. Тийиштүү жарлыктарга мэр Кубанычбек Кулматов кол койгонун мэриянын маалымат кызматы 28-мартта кабарлады.