Кыргызстандыктар 2013-жылы 27 миллион 534 миң сом өлчөмүндө чакан насыя алышкан. Насыя алган жарандардын саны 500 миң экени айтылды. Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, алынган насыялардын 52 пайызы айыл чарба тармагына, 23 пайызы соодага жумшалды.
Насыяны Чүй, Жалал-Абад жана Ош облусунун калкы көп алганы белгилүү болду.