2014-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы муниципалдык кызматкерлердин саны 8465ти түздү. Мунун ичинен 517си саясий кызмат орундары, 17си жогорку административдик кызмат орундары, 879у башкы административдик кызмат орундары. Мамлекеттик кадр кызматынын билдиришинче, жалпы кызматкерлердин 3086сын же 36 пайызын аялдар түзөт.
Мындан бир жыл мурун муниципалдык кызматкерлердин саны 9385 адамды түзгөнү айтылды.