КСДП фракциясынын 28-марттагы жыйынында өкмөт башчылыкка талапкер Жоомарт Оторбаев жергиликтүү бийлик башчылары мамлекеттик башкарууда алсыздык кылып жатканын билдирди. “Өлкөдө 450 айыл өкмөтү болсо, айыл өкмөт башчыларынын жарымына кылмыш ишинин козголушу ойлондурбай койбойт. Мындай абалдан катаал чараларды көрүү аркылуу эмес, алардын түшүнүгү менен билим деңгээлин көтөрүү аркылуу чыгуу аракети көрүлүп жатат. Алар өз жоопкерчилигин сезгенде, иштин көзүн билгенде гана жергиликтүү бийликтин иши оңолот”,- дейт ал.
Айта кетсек, КСДП фракциясы премьер-министрликке Оторбаевдин талапкерлигин колдоду.