Премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев КСДП фракциясынын жыйынында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү программасы боюнча көз карашын айтты. Анын билдиришинче, 5 жыл ичинде өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү жан башына эсептегенде 2 эсе, республикалык бюджет өлчөмү жыл сайын 2 миллиард сомго өсөт. “Программага азырынча 70тен ашык долбоор камтылган. Аны ишке ашырууга 15 миллиард доллар керек. Долбоорлордун 45 пайызына каржы булактары табылды”,- деп билдирди Оторбаев.
Айта кетсек, КСДП фракциясы премьер-министрликке Оторбаевдин талапкерлигин колдоду.