Атамбаев: “Кыргызстанда эч качан ачкачылык болбойт”

Кыргызстанда мындан ары эч качан ачкачылык болбойт. Муну 27-мартта телеканалдардын бириндеги маегинде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев билдирди. Президент Кыргызстанда элдин жашоосу өтө начар деп эсептебейт.

“Турмуш кандай, жашоо кандай?” деп сураса, кыргыздардын жакшы жообу бар, “эл катары” деген. Анын сыңары биздин мамлекет дагы эл катарында жашап жатат. Коңшу мамлекеттердин алдында да эмеспиз, анткени алдыбызда Казакстан, ал эми Өзбекстан менен Тажикстандын артында эмеспиз. Андыктан дүйнөдөгү мамлекеттер көргөн, коңшулаш мамлекеттер көргөн тагдырды биз да көрөбүз. 

Бирок "Бизге каралаша турган бирөө чыгабы?" деген маанайдан арылышыбыз керек. Кыргызстан өзүбүздү өзүбүз толук багып кете ала тургандай деңгээлге жетишибиз керек. Жакшы иштесек, Казакстандын деңгээлине жетсек болот. Казакстан эмнеге алдыга чыгып кетти? Алар нефтини иштетип жатышат, газын да, уранды да, баарын иштетип жатышат. Биз болсо иштеп жаткан нерсени "токтотушубуз керек" деп чыгабыз. Бирок кыргыз мамлекетинде, Кудайга шүгүр, мындан ары эч качан ачкачылык болбойт. Ынтымак болсо, тынччылык болсо, турмушубуз оңолот”,- деди Алмазбек Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан