Президент Алмазбек Атамбаев 27-мартта телеканалдардын бириндеги маегинде Ахматбек Келдибеков, Садыр Жапаров өңдүү оппозиция лидерлеринин аракеттерине пикирин билдирди. Айтымында, азыркы оппозициянын башчылары - мурунку уурулар.
“Келдибековдун үстүнөн иш козголду, мен дагы материалдарды карадым. Салык кызматында, Социалдык фонддо иштесе да, спикер болуп иштесе да кызматынан пайдаланыптыр. Эгер ак болсо, сот актайт. Садыр Жапаров “Кумтөр” үчүн күрөшөм, “Кыргызгаз” деп бакылдап жатат. “Түндүк электр” 3 миллион долларга сатылганда Садыр Жапаров Антикоррупциялык комитеттин башчысы эле.
Оппозицияда болобу, бийликте болобу, мага баары бир. Уурдаган болсо, кандай кызматты ээлебесин, керек болсо менин тууганым, жакыным болсо да сот жообуна тартылышы керек. Эгерде кайсы бир партияда ошондойлор (мамлекеттин мүлкүн уурдагандар) көп болсо, ким күнөөлүү? Убагында өзүм да оппозицияда болгом. Ошондо бийликте уурулар отурган. Оппозицияда “уурулар кетсин” деп кыйкырчубуз. Азыр карасаң оппозициянын ана башчыларынын бир тобу, ачыгын айтканда, уурулар. Эгерде уурулар оппозицияга топтолуп жатса, демек, туура жол менен баратабыз”,- дейт президент.