“Орусиянын Кыргызстанды басып алуу планы жок” деди Атамбаев

“Эгер келечекте Кыргызстанды кайсы бир калк басып алат деп ойлосок, алар орустар эмес”,- деди президент Алмазбек Атамбаев 27-мартта ММКлардын бириндеги маегинде. Анын билдиришинче, Орусиянын Канттагы аскердик базасынан кыргыз эли кооптонбой эле коюшу керек. Өлкө башчы Крым боюнча Орусиянын аракети тууралуу берилген суроого төмөнкүчө жооп берди:

“Суроонун төркүнү “Орусия Кыргызстанды бир күнү басып албайбы?” деген мааниде болду да. Мен өлкө президенти катары Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу боюнча жарлыктарга кол коём. Жылдан-жылга Кыргызстандан кетип жаткан орус тилдүү жарандардын саны өсүүдө. Орусиянын жарандыгын алып кетип жатышат. Эмнеге кетип жатышат? Биринчиден, Орусиянын жарандыгын алган үй-бүлөгө 300 миң рубль же 10 миң доллар берилет экен. Андан тышкары үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бир канча миң доллардан берилет деген шарттары бар. Үй да берип, жумуш менен да камсыз кылышары белгилүү болду. 

Эгерде Орусиянын Кыргызстанды басып алайын деген ою бар болсо, бизде жашап жаткан орус улутундагыларды ушундай шарттар менен өзүнө чакырат беле? Бул жөн эле сөз. Орусиянын "Кыргызстандын жерин басып алам, Кыргызстанга орустар жашайт" деген эч кандай пландары жок”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан