Жогорку Кеңеште жаңы коалиция кийинки аптада түзүлөт. Муну бүгүн, 28-мартта КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. “Азырынча коалициянын курамы тууралуу айтуу эрте. Башка фракциялар менен сүйлөшүүлөр уланууда. Келерки аптада, балким, дүйшөмбү күнү коалициянын курамы аныкталып калат”,- деди Турсунбеков.
КСДПнын лидери “Республика” фракциясынын коалицияга кирүүдөгү өкмөттү жумшак рейтинг аркылуу шайлоо сунушунан баш тартканын билдирди.