ЖКнын 3-апрелдеги жыйынында акыйкатчы Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук темасында маалымат берет

Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши бүгүн, 28-мартта кийинки аптада, 2-4-апрелдеги парламент жыйындарынын күн тартибин бекитти.

2-апрелде “КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мындан аркы иши жөнүндө келишимин ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорлорун, “Бишкек шаарынын мектепке чейинки жана мектептик билим берүү жаатындагы абал жөнүндө” токтомдун долбоору каралмакчы.

3-апрелдеги жыйында “КРнын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “КРнын референдуму жөнүндө”, “КРнын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзам долбоорлору киргизилди. Андан сырткары акыйкатчы “Үй-бүлө зомбулугунан тарткан экономикалык зыянды баалоо” темасында атайын баяндама жасайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан