Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары, аппарат жана иш башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» сейил багынын аймагындагы көчөт тигүү ишине катышышты.
Иш-чара 2014-жылдын 5-мартында кабыл алынган Жогорку Кеңештин «Кыргыз Республикасынын аймагын жашылдандыруу тууралуу» токтомун аткаруу алкагында жүргүзүлүүдө.
ЖКнын «Ата Журт» фракциясынын демилгеси менен кабыл алынган токтомго ылайык, ар жылдын 20-мартынан 20-апрелине чейинки аралыкта өлкө аймагында көчөт отургузуу иштери жасалмакчы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.