Эрлан Абдылдаев Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча Европа Биримдиги кеӊешинин жумушчу тобу менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев 28-мартта Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча Европа Биримдиги кеӊешинин жумушчу тобу менен жолугушту. Тараптар Европа биримдиги (ЕБ) менен Кыргызстандын ортосундагы орчундуу маселелерди талкуулашып, кызматташтыкты бекемдөө жаатында пикир алышты. 
Министрдин милдетин аткаруучу ЕБнын Кыргызстанда долбоорлор алкагындагы ишмердүүлүгүнө токтолуп, алардын натыйжалуу жана эффективдүү болушу маанилүү экенин белгилеп өттү. Ошондой эле коопсуздук маселеси талкууга алынып, тараптар Ооганстандагы кырдаал боюнча ой бөлүшүштү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан