2014-жылдын бюджетинде билим берүү бөлүмү боюнча чыгашаларга 18 миллиард 764,2 миллион сом каралган

Билим берүү бөлүмү боюнча чыгашалар 2014-жылдын бюджетинде 2013-жылга (7122,3) бекитилген планга каршы 11 641,9 миллион сомго көбөйүү менен 18 764,2 миллион сом суммасында каралган. Анын ичинде бюджеттик каражаттар эсебинен чыгашалар 11 463,7 миллион сомго көбөйүп, 15 784,3 миллион сомду түзөт. 

Көбөйүү мамлекеттик чыгашаларды башкаруу системин андан ары өркүндөтүү жана 2013-жылдын 1-августунан жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандартынын негизинде мурда жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын окуу жана окутуу процесстерин камсыздоого чыгашаларды каржылоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине (Бишкек шаарын алып салганда) берилгендиги менен байланыштуу болду. 

Ушуга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигине 11 352,0 миллион сом көлөмүндө билим берүүгө чыгашалар көбөйтүлгөн, анын ичинен мурда жергиликтүү бюджеттен каржылануучу билим берүү уюмдарын каржылоого – 10 817,0 миллион сом, 1-4-класстарда тамактанууну уюштурууга – 435,0 миллион сом жана мектептерди учурдагы оңдоого жана жаңы окуу жылына даярданууга – 100,0 миллион сом.   

Билим берүү, илим министрлигинин жана Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин чыгашалары 50,0 миллион сомго көбөйтүлгөн, Ош шаарында спорттук мектеп-интернатты уюштурууга Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин чыгашалары 6,0 миллион сомго көбөйтүлгөн.  

“Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” КР Президентинин жарлыгын аткарууга алып, КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чыгашалары эки эсеге көбөйтүлгөн жана 2014-жылга 30,4 миллион сомду (2013-жылы – 15,2 миллион сом) түзөт. 

2014-жылдын бюджетинде балдар үйлөрүндө жана атайын мектеп-интернаттарда 110 сомго чейин тамактануу ченемдерин көбөйтүү үчүн 33,8 миллион сом суммасында каражаттар каралган.

Билим берүү бөлүмү боюнча чыгашалар 18 764,2 миллион сом суммасында ички дүң продукцияга карата 4,7 пайыз, республикалык бюджеттин жалпы чыгашаларына карата 18,2 пайызды түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан