Кыргызстандан малдын эти менен мөмө-жемиштерди Кытайга экспорттоо боюнча иштер башталды

Кыргыз Республикасынан малдын эти менен мөмө-жемиштерди Кытай Эл Республикасына (КЭР) экспорттоонун жолдору 28-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин алдында түзүлгөн жумушчу топтун биринчи жыйынында талкууланды.

Жумушчу топтун башчысы Талантбек Узакбаев менен КРнын Экономика министрлигинин өкүлү Даниил Ибраев эт менен мөмө-жемиштерди Кытайга экспорттоого жалпы уруксат алуунун алгачкы кадамы болгон кыргыз товарларын инспекциялоо максатында Кытайдын Карантиндик коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнө чакыруу жөнөтүү боюнча кат жазуу жаатында орток пикирге келишти. 

КЭРдин Хнан провинциясынын депутаты Жанг Жин Жоу дагы мындай пикирди колдоп, кызматташууга толугу менен даярдыгын билдирди.

Жыйынтыгында Кытайдын тиешелүү кызматына кат жөнүтүү маселеси КР Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылды. Каттын дарегине жетишине КР Тышкы иштер министрлиги көмөктөшмөкчү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан