Бүгүн, 29-мартта КРнын Премьер-министринин милдетин аткаруучу
Жоомарт Оторбаев борбор калааны көрктөндүрүүгө багытталган жалпы шаардык ишембиликке катышты.
Жоомарт Оторбаев шаардын тазалыгы үчүн
жасалган иштердин маанилүү экенин белгилеп: “Жыл сайын көчөт отургузуу жана
көчөлөрдү тазалоо боюнча өткөрүлгөн ишембиликтерге катышып келем. Сейил
бактарда эс алгандарга жагымдуу болуш үчүн Бишкек шаарынын таза, кооз болгонун
каалайбыз. Калаадагы эс алуу жайларын сактоо менен чектелбестен, алардын санын көбөйтүүгө
аракет кылуу керек. Таза жана жашыл шаарыбызды ансыз элестетүү кыйын”,- деди.