Бишкек шаарын өнүктүрүү программасынын долбоору шаардык кеңештин депутаттарына тааныштырылып, долбоордун бет ачары болот. Анда программанын негизги багыттары, борбор шаарды өнүктүрүү концепциясы талкууга алынмакчы. Мэриянын билдиришинче, андан кийин долбоор ММКларга жарыяланып, коомдук талкууга чыгарылат. Программа боюнча жергиликтүү бийлик, бейөкмөт жана коомдук уюмдар, шаардыктар сунуш, пикирлерин беришсе болот.