Украина: БШК президенттикке 7 талапкерди каттады

Украинада президенттик шайлоого ат салышуучу талапкерлердин арызын кабыл алуу аяктады. Маалыматка таянсак, өлкө башчылыгына 7 талапкер катталды. Алардын арасында Украинанын мурунку премьер-министри Юлия Тимошенко, Харьков облусунун мурунку губернатору Михаил Добкин, башкы прокурордун мурунку орун басары Ренат Кузминь, экс-президент Виктор Януковичтин мурунку кеңешчиси Валерий Коновалюк жана башкалар бар.

Украинада президенттик шайлоо 2014-жылдын 25-майында өтөт. 4-апрелде БШК талапкер болуп катталгандардын акыркы тизмесин жарыялайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан