Лукашенко: “Украина Кыргызстанга, Янукович Бакиевге окшош”

Беларустун президенти Александр Лукашенко Украинадагы жаңы бийлик менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Украинадагы окуяларды Кыргызстанга, экс-президент Виктор Януковичти качкын президент Курманбек Бакиевге салыштырды. Беларусь президенти Орусиянын Украинанын жаңы бийлигин тааныбай жатышын колдобойт. Кыргызстандагы окуяны мындайча эскерди ал:

“Таң каларлык, менимче, 100дөй адам өлгөн. Азыркы Украинадагыдай болуп аларда да снайпер менен атышкан. Эмне болуптур? Ооба, биз, КМШ өлкөлөрү, конституциялык эмес төңкөрүш, конституциялык эмес жол менен бийликти басып алуу болгонун расмий түрдө билдирдик. Ушинтип жаздык. Эмне болуптур? Бүгүн биз ушундай эле жол менен мамлекет башына келген Кыргызстандагы азыркы бийлик менен бир столдо отуруп, чечимдерди кабыл алып жатабыз. Андагы окуялардын Украинадан эмне айырмасы бар? Экинчиден, биз Украинанын бийлигин тааныганыбыз же тааныбаганыбыз менен эмнени өзгөртө алабыз? Туурабы же туура эмеспи, азыркы бийлик аракет жасап жатат, чечимдерди кабыл алууда”.

Лукашенко Януковичтин акыркы маалымат жыйында айткан сөзүн сынга алды.

“Ал кандайча президент болот? “Урматтуу жолдоштор, мен тирүүмүн, ден соолугум жакшы. Мен башкы кол башчымын” дейт. Суроо жаралат: “Кана сенин армияң?” Президент өзүн кандай тагдыр күтсө да, өз өлкөсүндө болушу керек эле”,- дейт Лукашенко. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан