Жогорку Кеңеште этникалык кыргыздардын Кыргызстандын жарандыгын алуусун жеңилдетүүгө багытталган мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү. Мындай чечим бүгүн, 31-мартта Эл аралык иштер боюнча комитеттин жыйынында кабыл алынды. Өкмөт өкүлүнүн билдиришинче, 2013-жылдын 1-январына карата чет өлкөдөн кайтып келген 9 миң жаран жашайт. Алардын 4 миңдейи Өзбекстандан кайтып келгендер экени айтылды. Мыйзам долбоорунда кемчиликтер бар экенин айтышкан депутаттар маселени азырынча колдобоо чечимине келишти.