Республикалык олимпиаданын жыйынтыгында Бишкек шаары жалпы командалык эсепте алдынкы орунду алды. Республикалык олимпиадага облустук олимпиадада жеңүүчү болгон 298 окуучу катышты. Мэриядан билдиришкендей, олимпиаданын акыркы этабында 105 жеңүүчү аныкталды. Алдыда Бишкек шаары (22 медаль), экинчиде Ысык-Көл (14 медаль) жана Баткен (13 медаль) облустары, үчүнчүдө Ош шаарынын окуучулары (13 медаль).