Крым жана Севастополь жашоочулары 2016-жылдан тарта Орусияга аскердик кызмат өтөөгө чакырыла баштайт. Муну бүгүн, 31-мартта Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу маалымат булактарына билдирди. “Быйыл алар аскердик кызмат кылууга чакырылбайт”,- деди министр. 2015-жылы алар Крымдын өзүндө аскердик кызмат өтөшмөкчү.
Шойгунун билдиришинче, крымдыктарды аскерге чакыруу үчүн аскер комиссариаттарынын жаңы бөлүмдөрү Орусиянын юрисдикциясына өтүшү зарыл.