Жалал-Абад облустук прокуратурасы “Балдар коррупцияга каршы” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлашты. Айта кетсек, сынак 2014-жылдын февраль айында жарыяланып, ага мектептерден 10-11-класстын окуучулары катышышты. Окуучулар аталган темада эссе жазуу аркылуу таймашканын бүгүн, 31-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Сынактын жеңүүчүсү Жалал-Абад шаарындагы №21-мектептин окуучусу Нурсултан Токтоназаров болду жана сыналгы утту.
Мындан башка 4 жеңүүчүгө да сыйлыктар тапшырылганы айтылды.