Бүгүн, 31-мартта 7-Апрель окуясы боюнча өткөн соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу экс-премьер-министр Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратууну сурады. Прокурор аталган окуя боюнча Үсөновдун күнөөсү толук тастыкталганын айтып, өмүр бою эркинен ажыратуу менен мүлкүн конфискациялоо өтүнүчүн келтирди. Сот отурумунда Үсөновдун 77 адамдын өлүмүнө катыштыгы бардыгы жана 306 адамды (жаракат алгандар) өлтүрүүгө аракет кылганы айтылды.