Жаңы коалиция түзүлүп, ага "Ата Мекен", "Ар-намыс" жана КСДП кирди

Жогорку Кеңеште бүгүн, 31-мартта коалициялык көпчүлүк түзүлдү. Ага "Ата Мекен", "Ар-намыс" жана КСДП фракциялары кирип, фракция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов жана Чыныбай Турсунбеков жаңы коалициялык макулдашууга кол коюшту. Коалициялык көпчүлүктүн атынан премьер-министрликке Жоомарт Оторбаев жалгыз талапкер болуп чыкты. Жаңы коалиция "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн" деп аталганы белгилүү болду. 
Мурункудай эле "Республика" жана "Ата Журт" фракциялары оппозицияда калышты. 
Эскерте кетсек, мурунку коалиция 18-мартта "Ата Мекен" фракциясынын курамдан чыгып кетишинен кийин бузулган эле. Муну менен Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт отставкага кеткен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан