Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүк түзүлүп, ага “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП фракциялары кирди. Жаңы макулдашууга кол коюлгандан кийин “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев “биз башынан эле бардык фракциялар кирген кеңири коалиция болушу керектигин билдирип келдик” деди.
Текебаев жаңы премьер-министр Жоомарт Оторбаев болгону менен, “Кумтөр” маселеси боюнча “Ата Мекен” фракциясынын позициясы өзгөрүүсүз каларын белгиледи.
Айта кетсек, Жоомарт Оторбаев "Ата Мекен" фракциясынан өкмөт башчылыкка талапкер болуп сунушталды.