Кыргыз Республикасынын Президенти
Алмазбек Атамбаев "КРнын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө документке кол койду. Бул тууралуу 31-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди. Аталган мыйзамды 2014-жылдын 26-февралында КРнын Жогорку Кеңеши кабыл алган.
Мыйзам долбоор радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу жана анын аткарылышын көзөмөлдүк кылуу тармагында өкмөттүн, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын ыйгарым укуктарын чектөө максатында иштелип чыккан. Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.