Башкы прокурор саясий иштер менен көбүрөөк алектенип, прокуратурадагы системди өзгөртүү боюнча иш кылбай жатат. Муну бүгүн, 1-апрелде ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди. Анын билдиришинче, прокуратура органдарындагы системде эч кандай өзгөрүү болгон жок. "Туура, ири кылмыш иштерин козгоп, айрым депутаттарды каматтыңыз. Бирок прокуратуранын өзүндө кадрдык потенциалды көтөрүү боюнча иш жүрбөй жатат",- деди депутат. Башкы прокурор Аида Салянова айтылган сынга макул эместигин билдирди. Айта кетсек, комитетте башкы прокурор 2013-жылы аткарылган иштер боюнча отчёт берүүдө.