Кыргызстандагы прокуратура системинде мен каалагандай өзгөрүү болбой жатат. Бул сөздү башкы прокурор Аида Салянова ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 1-апрелдеги жыйынында билдирди. “Менин оюмча, прокуратура органдарында систем мен каалагандай өзгөргөн жок. Бирок алдыга жылыш бар экенин айта алам. Колдон келсе бир жылда эле өзгөртүп жиберсе жакшы болмок, бирок бул иш тез арада бүтө турган нерсе эмес”,- деди Салянова.