Аида Салянова депутат Мамыровага: “Мен иштен кыйналган жокмун, капаланбай эле коюңуз”

ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 1-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Аида Салянова менен депутат Бөдөш Мамырованын ортосунда чакан түшүнбөстүк чыкты. Мамырова башкы прокурорго кайрылып: “Мыкты прокурорду даярдоо үчүн 15 жыл керек” деп айттыңыз. Өзүңүздүн 15 жылдык тажрыйбаңыз барбы? Иштен кыйналбай элесизби?”- деди.

Аида Салянова тармакта 20 жылдык иш тажрыйбасы бар экенин билдирди.

“Башкы прокурор - кайсы бир деңгээлде саясий кызмат. Президент сунуштап, парламент колдогон. Ушунча жылдан кийин мага ушундай суроо бергениңизге таң калып жатам. Иштен кыйналган жокмун, капа болбой эле коюңуз”,- деди Салянова. 

Башкы прокурор иштеп жаткан прокурорлорду кызматтан алып, анын ордуна татыктуу кадр даярдаш үчүн 10-15 жыл убакыт керектигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан