ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 1-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Аида Салянова “Базар-Коргон районунун прокурору Башкы прокуратуранын коллегиялык жыйынында уктап калганы үчүн уялып, кызматтан кетүүгө арыз жазган” деп билдирди. Айтымында, ал кызматкердин мындан ары жооптуу кызматты аркалоого моралдык укугу жок. “Жыйында уктап калганын өзү айтып, ооруп жатканын шылтоо кылды. Жетекчиге бул нерсе жарашпайт. Жыйында эмне талкуу болгонун ал өзүнүн кол алдындагыларга айтып барышы керек эле да. Уктап отурса эмнени айтып берет? Мен аны кызматтан айдаган жокмун, уялды окшойт, өзү арыз жазды. Мен аны бошотууну туура көрдүм”,- деди Салянова.
Айта кетсек, Башкы прокуратуранын февраль айында өткөн коллегиялык жыйынында аталган райондун прокурору Артисбек Кыдыралиев уктап кетип, Аида Салянова аны залдан чыгарып жиберген. Көп өтпөй райондун прокурору кызматтан бошотулган.