“Жакында Беларустун президенти Александр Лукашенко мурдагы президент Курманбек Бакиев жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяны Украинадагы окуяларга салыштырып, абдан катуу билдирүү жасады”,- деп билдирди депутат Мыктыбек Абдылдаев ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 1-апрелдеги жыйынында.
“Лукашенконун айткан сөзүнө карата президент, парламент депутаттары жана Башкы прокуратура ойлонушу керек”,- дейт Мыктыбек Абдылдаев.
Эскерте кетсек, Беларусь президенти Лукашенко буга чейин Украинадагы окуяларды Кыргызстанга, Виктор Януковичти Курманбек Бакиевге салыштырган эле.