Парламентте бүгүн, 1-апрелде жаңы өкмөттүн курамы талкууланат

Парламенттеги коалициялык көпчүлүк бүгүн, 1-апрелде кезексиз жыйын өткөрүп, жаңы өкмөттүн курамын талкуулайт. Жыйында премьер-министрликке Жоомарт Оторбаевдин талапкерлиги да каралары айтылды. Муну Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында депутат Абдыманап Кутушев билдирди.

Айта кетсек, парламентте 31-мартта “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” аттуу жаңы коалиция түзүлүп, ага “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП фракциялары кирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан